Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

АКШ Орусияны өзөктүк куралды чектөө келишимин аткарууга чакырды


Орусиянын "Сармат" баллистикалык ракетасын сыноо. Плесецк космодрому, 2022-жылдын апрели.
Орусиянын "Сармат" баллистикалык ракетасын сыноо. Плесецк космодрому, 2022-жылдын апрели.

Кошмо Штаттар Орусия менен стратегиялык өзөктүк куралданууну чектөө жөнүндөгү СНВ-3 деп аталган келишимди толук аткаруу үчүн биргелешип иштөөгө даяр. Бул тууралуу 27-февралда АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Бонни Женкинс билдирди.

АКШ президенти Жо Байдендин администрациясында куралдануу маселелерин көзөмөлдөө кызматын ээлеген Женкинс Бириккен Улуттар Уюмунун Женевада өткөн куралсыздандыруу маселелери боюнча конференцияда:

"Орусия жоопкерчиликтүү өзөктүк держава эмес экенин бүткүл дүйнөгө дагы бир жолу көрсөттү", - деп айтты.

Ошону менен катар ал Кошмо Штаттар СНВ-3 келишиминин талаптарын аткаруу үчүн Орусия менен эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алуу шартында жигердүү иштешүүгө даяр экенин кошумчалады.

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө быйыл өзөктүк куралды өнүктүрөрүн 23-февралда билдирген. Ал куралдуу күчтөр «Сармат» ракета комплекси менен камсыздалганын, дагы бир нече алдыңкы оор курал өндүрүлөрүн, флот үч атомдук крейсер менен толуктарын убада кылган.

СНВ-3 деген ат менен белгилүү стратегиялык куралдарды чектөө келишимине 2010-жылы АКШ менен Орусия кол коюшкан. (RK)

XS
SM
MD
LG