Бразилиянын Сан-Паулу штатынын жээгиндеги аймактардан үч жарым миңдей адам коопсуз жерлерге көчүрүлдү. Ал жакта бороон-чапкын коштогон жаан-чачын 19-февралдан бери кеминде 50 адамдын өмүрүн кыйды.
Жергиликтүү бийлик кабарлагандай, нөшөрлөгөн жамгырдан кийинки сел жана жер көчкүдөн улам конуштарды баткак басып, жолдор таштандыга толду. Тоо боорундагы үйлөр зыян тартты.
Сан-Себастяо шаарына жакын Саси айылы олуттуу зыян тартканы айтылууда. Кыштактын 1000ден ашуун тургуну үй-жайсыз калып, айрымдары жакындарын жоготту. Издөө-куткаруу иши уланууда.
Дагы караңыз
Пиязды сыртка сатууга уруксат берилмей болууда Иманалиев билим берүүнү жетектейт: Жаңы министрден эмне күтөбүз?Ыраакы Чыгышта согушка каршы чыккандар кармалдыБишкекте Украинадагы согуш курмандыктарын эскерүүгө чыккандар кармалды Кытай Украинадагы согушту токтотуу планын сунуштады Согушка бир жыл: Украина Орусияны жана дүйнөнү кантип таң калтырды?