Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:36

Бишкекте Украинадагы согуш курмандыктарын эскерүүгө чыккандар кармалды


Бишкектин Эмен багында Украинадагы согушта курман болгондору эскерүү. 24-февраль, 2023-жыл.
Бишкектин Эмен багында Украинадагы согушта курман болгондору эскерүү. 24-февраль, 2023-жыл.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова Бишкектеги Эмен багына (Дубовый парк) Украинадагы согушта курман болгондору эскерүү үчүн чыккан жети кишини милиция кармап кеткенин “Азаттыкка” билдирди.

“Бүгүн Украинадагы согушка бир жыл толду. Ошол жерге согушка каза болгондорду эскерүү үчүн келишкен экен. Колдорунда украин желеги бар окшойт. Азыр жактоочу кетти. Алар кимдер экени белгисиз. Бирок, милициянын бул кылганы туура эмес. Эми курман болгондорду эскерип, гүл койгонго уруксат жокпу?", - деди Абдирасулова.

Абдирасулова кармалгандар Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүндө экенин билдирди. Милициядан бул боюнча маалымат даярдалып жатканын кабарлашты.

Бүгүн, 24-февралда Эмен багындагы скульптор Сенкевичтин “Жер - биздин үй” деген эмгегинин жанында Украинада каза болгондорду эскерүү иш-чаралары өткөрүлөрү айтылган.

Орусиянын Украинага толук масштабдуу аскердик чабуулу 2022-жылдын 24-февралынын таңынан бери уланууда. Орус күчтөрү негизги аскердик жана жарандык инфраструктурага абадан сокку уруп, аэродромдорду, аскер бөлүктөрүн, мунай кампаларын, май куюучу жайларды, чиркөөлөрдү, мектептерди жана ооруканаларды талкалап жатат. Артиллериядан, ракеталык системалардан жана баллистикалык ракеталардан турак жайларды аткылашууда.

Бир катар Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ жана Евробиримдик Орусияга каршы санкцияларды күчөтүп, Москванын Украинадагы баскынчылыгын кескин айыптап келатат.

Украинадагы согушта курман болгондорду эскерүү иш-чарасы коңшу Казакстанда да өттү.

Орусия Украинага каршы агрессивдүү согуш жүргүзүп жатканын четке кагып, аны “демилитаризациялоо жана денацификация” максатын көздөгөн “атайын операция” деп атайт. (TSh)

XS
SM
MD
LG