Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:04

Кытай Украинадагы согушту токтотуу планын сунуштады


"Биз Украинаны колдойбуз" деген жазуу. Бээжин, 3-март, 2022-жыл.
"Биз Украинаны колдойбуз" деген жазуу. Бээжин, 3-март, 2022-жыл.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту жөнгө салуу планын сунуштады. Бээжин 12 пункттан турган документ калабаны токтотууга салым кошоруна ишеним артууда.

Кытай эл аралык укуктук документтерге жана БУУнун Уставына ылайык, бардык өлкөлөрдүн суверендүүлүгүн урматтоого чакырды. Ошондой эле Бээжин мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү, эгемендиги кепилдениши керек деп эсептейт.

Кытай "кансыз согуш мүнөзүнөн" баш тартуунун зарылдыгын белгилеп, айрым өлкөлөрдүн коопсуздугуна олуттуу мамиле жасоого жана лагердик конфронтациянын пайда болушуна жол бербөөгө үндөдү.

Кытай аскердик жаңжалдарды кыскартууну, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоону жана гуманитардык кризисти жоюуну талап кылууда.

Бээжиндин планына азык-түлүк коопсуздугун кепилдөө, өндүрүш жана товар жеткирүүнүн туруктуулугун камсыздоо, атомдук электр станцияларын коргоо зарылчылыгы тууралуу пункттар камтылган.

Кытай бир тараптуу санкцияларды токтотууну да талап кылууда.

Бээжин согушту тынчтык жолу менен жөнгө салуу планын сунуштай турганын өткөн аптада тышкы иштер министри Ван И Мүнхен коопсуздук конференциясында билдирген. Конференциянын алкагында ал Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен сүйлөшкөн. Мүнхендеги иш-чарадан кийин Ван И Москвага барып, ал жерде Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушкан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кытайдын планынан кабардарлыгын айтып, бирок чоо-жайын билбей турганын айтты. Зеленский Кытайдын сунушун оң баалады жана Киев Бээжинге жолугушуу өтүнүчүн жибергенин маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG