Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аймактык полиция бөлүмүнүн маалыматына таянып, жапырт мушташка катышкан эки кыргызстандык административдик жазага тартылганын маалымдады.
19-февралда Москва шаарындагы Люблинская көчөсүндөгү кафелердин биринде массалык мушташ чыгып, полиция 15 кишини кармаганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Жапырт мушташка Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары катышканы айтылган.
Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чамалайт. (TSh)
Дагы караңыз
АКШнын мамлекеттик катчысы расмий сапары менен Астанага келетҮч майрамды иш күнү деп жарыялоо сунушталууда Украинанын Кыргызстандагы элчилиги согуштун курмандыктарын эскерүүдөТИМ: Борбор Азиянын суу-энергетика маселелери диалог аркылуу чечилиши зарылТышкы карызды төлөө үчүн ачылган эсепке 31 миллион сом чогулду Кемпир-Абад иши: тергөө дагы эки айга узартылды