Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:56

АКШнын мамлекеттик катчысы расмий сапары менен Астанага келет


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Архив сүрөт.
АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. Архив сүрөт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 28-февралда Казакстанга алгачкы расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мамлекеттик катчы Астанада президент Касым-Жомарт Токаев баштаган бир катар жетекчилер менен жолугат. Ошол эле күнү Энтони Блинкен Борбор Азия өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен С5+1 форматындагы жолугушуу өткөрөт. Анда АКШ менен аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү талкууланмакчы.

АКШнын мамлекеттик катчысы Казакстанга сапары орус дипломатынын Борбор Азия өлкөлөрүн "Батыш менен абайлап мамиле кылууга" чакырган билдирүүсүнө туш келди. Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин ТАСС агенттигине курган маегинде, Ооганстандагы азыркы кырдаалга АКШны айыптап, “Вашингтондун демократиялаштыруу эскпериментти, түстүү революциялар менен аяктайт” деп айткан.

Борбор Азия мамлекеттери АКШ менен өз ара кызматташуудан сырткары "Борбор Азия + АКШ" форматында алакасы бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG