Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:01

Кемпир-Абад иши: тергөө дагы эки айга узартылды


Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындары. Бишкек. 2022-жылдын 22-декабры.
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындары. Бишкек. 2022-жылдын 22-декабры.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу абактагы активисттердин биринин адвокаты Бактыбек Автандил кабарлады. Анын айтымында, тергөө иши ушуну менен алты айга созулмай болду.

22-февралда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев абактан кат жолдоп, анда төрт айдан бери Кемпир-Абад иши боюнча тергөө жүрбөй жатканын жазган. “Массалык башаламандыкка” шектелип камалган отузга жакын саясатчы, укук коргочу, активисттердин бөгөт чарасын караган сот отурумдарында алардын айрымдары эч кандай тергөө жүрбөй жатканын айтып келишет.

Кемпир-Абад иши боюнча жапырт камалгандардын бөгөт чарасын Биринчи Май райондук сотунда 15-17-февраль күндөрү карап, көпчүлүгүн абактагы мөөнөтүн 20-апрелге чейин узарткан. Үй камагына чыккандар: Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев.

Учурда Равшан Жээбеков, Клара Сооронкулова жана Мамбетжунус Абылов ооруканада. Алар дарылануу мөөнөтү бүткөндөн кийин тергөө абагына кайтарылат.

Иш жашыруун деген макам менен каралары 18-январда белгилүү болгон. ИИМ бул боюнча жана корутунду тууралуу комментарий бере элек. Адвокаттар аны ачык өткөрүү арызы менен сотко кайрылышкан.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылык билдиргендердин жыйыны өткөн. Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн.

Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Милиция кармалгандар "жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын", айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө. Ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Президент Садыр Жапаров былтыр 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде, Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандар үчүн "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп эсептерин айткан. Ушул эле сөзүн былтыр декабрдын соңунда мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземинде дагы кайталаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG