Өзбекстан жер титирөөдөн жабыркаган Сирияга жардам жөнөттү

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен жер титирөөдөн жабыркаган Сирияга гуманитардык жардам жөнөтүлдү.

"Өзбекстандын улуттук маалымат агенттиги" (УЗа) кабарлагандай, 21-февралда Өзгөчө кырдаалдар жана Транспорт министрликтери уюштуруп, жөнөткөн 50 тонна жүктө балдар менен аялдарга кийим-кече, тиричилик техникасы, кургатылган жемиштер, төшөнчө, консерва, гигиеналык каражаттар бар.

Буга чейин Өзбекстандын өкмөтү, ишкерлер жана карапайым калк Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга 170 тонна гуманитардык жардам чогултуп, алты учак жана жети фура менен жеткирилгени кабарланган.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 47 миңден ашты. Алардын 42 миңдейи Түркияда.

20-февралдын кечинде да Түркия менен Сириянын чек ара аймагында эки жолу жер титиреп, бир нече набыт болуп, 300дөйү жараат алганы расмий кабарланды.

Дагы караңыз

Чоротегин: Саясат өзгөрөт, “Азаттык” туруктууТүркияга жардам эсебине 55 миллион сомго жакын каражат чогулдуАйып пул үчүн чет өлкөгө чыгууга тыюу салган мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды Алимент, айып пул төлөбөгөн 70 миңдей кишинин сыртка чыгышына тыюу салынды