Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:12

Алимент, айып пул төлөбөгөн 70 миңдей кишинин сыртка чыгышына тыюу салынды


Аэропортто паспортун жана билетин кармап отурган кыргызстандык жаран. Иллюстрациялык сүрөт.
Аэропортто паспортун жана билетин кармап отурган кыргызстандык жаран. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ар кандай айып пул, алимент жана башка карыздарын төлөбөгөн 71 миң жарандын өлкөдөн сыртка чыгышына тыюу салынды. Бул тууралуу Сот департаментинин жетекчисинин орун басары Кубат Черикчиев 21-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын жыйынтыгында төлөнбөгөн карыздар 22 миллиард сомдон ашкан.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетте жол эрежесинин айып пулдарын төлөөнү жөнөкөйлөштүрүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Демилгечи депутат Дастан Бекешев "Сот аткаруучулардын макамы жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн максаты айып пулдар үчүн чет өлкөгө чыга албай калгандардын маселесин чечүү экенин билдирди.

Бир нече депутат жол эрежеси гана эмес, башка айып пулдарга дагы чек арада атайын система менен төлөп, чектөөнү алууга мүмкүнчүлүк түзүлүшү керектигин айтышты. Мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, жактырылды.

Буга чейин парламент депутаттары 1000 сом айып пул үчүн чектөө киргизилип калганын билбей, айрым жарандардын кымбат алган авиа билеттери күйүп кеткен учурлар бар экенин айтып келишкен. Ушундай эле даттанууларды социалдык түйүндүн колдонуучулары да жазып, айып пул тууралуу кабары болбогонун белгилешкен. (ErN)

XS
SM
MD
LG