Оккупацияланган Запорожьеде иштеген мигранттар акчасын ала албай калганын айтып чыгышты

Запорожье. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Өзбекстандык жана тажикстандык жумушчулардын тобу Украинанын Орусия оккупациялаган Запорожье облусунда окоп казгандыгы үчүн айлык акы албаганына даттанып жатышат. Бул тууралуу Baza Телеграм-каналы кабарлады. Басылманын маалыматына ылайык, бир окоп үчүн аларга 800 миң рубль (930 миңдей сом) убада кылышкан.

Запорожьеге барган 33 мигрант ээн калган үйлөргө жайгашып ишке киришкен. Аминжон аттуу тажикстандык жумушчулардын бири ага 595 миң рубль (690 миң сом) гана төлөшкөнүн, медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүн айтып берди. Москвага кайтып баргандан кийин ал полицияга арыз жазганын, ошондон бери аны белгисиз бирөөлөр коркутуп телефон чалып жатканын аталган басылма маалымдады.

Буга чейин орусиялык компаниялар Украинанын аннексияланган облустарындагы аскердик курулуштарга борборазиялык мигранттарды байма-бай жалдап жатканы маалымдалып келген.

Бир нече күн мурун Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко кыргызстандык мигранттарды Орусия басып алган аймактарга барбоого чакырган.

Дагы караңыз

ЕРӨБ кыргыз экономикасы 2023-жылы 7% өсүш болорун божомолдодуКыргызстандын жаратылышы жөнүндө баяндаган сайт иштей баштадыОрусия Кыргызстандан балык импорттоону убактылуу токтоттуИманакун уулу: Кыргызстандын жер кыртышын Түркия менен салыштырууга болбойтБишкекте кыймылсыз мүлктүн (батир) баасы кандай өсүүдө?