Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Иманакун уулу: Кыргызстандын жер кыртышын Түркия менен салыштырууга болбойт


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Архитектура, курулуш көзөмөлдөө департаментинин директору Талантбек Иманакун уулу Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу Түркияга салыштырмалуу сапаттуу экенин билдирди. Бул тууралуу ал 21-февралда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“Кыргызстандын жер кыртышын Түркия менен салыштырып кереги жок. Себеби, Кыргызстан СССР убагынан бери эле сейсмологиялык аймак болгондуктан күчтүү талаптар кабыл алынган. Түркиядан келген инвесторлордун долбоорлору биздин мамлекеттик экспертизадан өтпөй калат. Биздин Түркияга барып келген куткаруучулар 8-10 өлчөмүндөгү арматура менен курулган имараттар бар экенин айтышты”, - деди ал.

Түркияда жана Сирияда он миңдеген адамдын өмүрүн алган соңку жер титирөөдөн кийин Кыргызстанда курулуштардын сейсмикалык коопсуздугу боюнча маселе көтөрүлүүдө.

Буга чейин Архитектура, курулуш көзөмөлдөө департаменти Кыргызстанда кабат үйлөр 9 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук бере аларын маалымдаган.

15-февралда президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде, Кыргызстандагы көп кабаттуу үйлөрдүн сапаты тууралуу суроого жооп берген учурда бул тармакка көзөмөл акыркы эки жылда гана күчөтүлгөнүн айткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG