Чаткал районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Чаткал. 19-февраль. 2023

Бүгүн, 19-февралда катаал аба ырайына байланыштуу Жалал-Абаддын Чаткал районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Расмий маалыматка караганда, Ала-Бука - Каныш-Кыя - Кировка жана Красная-Горка - Ак-Тaш унаа жолуна ири кар көчкү түштү. Каныш-Kыя, Чaткaл, Tepeк-Caй aйыл aймaктарында кар көчкү жүрүп, тоого жакын жайгашкан кээ бир үйлөрдү жана мал сарайларды басып калган. Кар көчкүдөн улам жолдо калгандарды жатакана жана ысык тaмaк-аш менен Терек-Сай айыл өкмөтү камсыздап жатат.

18-февралда Чаткал районунун Жаңы-Базар айылынын 15 тургуну кар көчкү коркунучунан улам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Жалпы 13 мектеп аралыктан окутууга өткөн.

Чаткал районуна баруучу негизги каттамдын Чапчыма ашуусуна кар көчкү түшүп калганына байланыштуу жол жабылган.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу бир катар жолдор жабылганын билдирген. Нарында кар көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (КЕ/TB)

Дагы караңыз

Атамбаев президенттердин жолугушуусу тууралуу билдирүү жасадыАжылык үчүн электрондук тизмеге катталуу 20-февралда башталатТүркия: боз үйлөргө зилзаладан жабыркагандар жайгаштырыла баштадыКиев Орусия кайрадан ракетадан сокку урганын билдирди