Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:13

Ажылык үчүн электрондук тизмеге катталуу 20-февралда башталат


Кыргызстанда быйыл ажылыкка барууну каалагандар 20-февралдан тарта электрондук тизмеге каттала алат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы кабарлады. Маалыматка караганда, ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 6-мартка чейин жүргүзүлөт.

Ажыга барууну каалагандар миң доллар жана кайтарымсыз миң сомду төлөп, муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук бөлүмдөрүнө, РСК банкына алгачкы төлөмүнүн квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды тапшыруусу зарыл.

Талапкерлерди каттоо муфтияттын облустук, шаардык жана райондук түзүмдөрүндө жүргүзүлөт. Толук маалыматты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын сайтынан алса болот.

Муфтият 24-январдан 14-февралга чейин 2019-2020-жылдары жана 2022-жылы каттоого туруп, бирок кезеги жетпей калгандар кайра катталарын билдирген. Мурда кезекте турган 4313 адамдын 1100дөйү ажылыкка бара турганын тастыктаган, калган орундарга каттоо уланат.

"Төлөм жүргүзгөн 1180 адамдын кезеги сакталды. Калган 4800дөн ашуун квотабыз ачык турат. 20-февралдан баштап катталуу башталат. Жөнөкөй жарандар, "мен акы төлөнгөн мейманканага барбайм" дегендер миң доллар жана кайтарымсыз миң сом төлөшөт. Толук суммасы эсептелип чыкканда бир айдын ичинде толук жарыялайбыз. Мындан сырткары, биз мейманканага жатат элек деп ондогон адамдар чалып жатат. Ижарага алына тургандардын талабын комиссия барып аныктап келет. Бул боюнча дагы отчет берилет. Акы төлөнгөн, жакшы шарты менен мейманканаларга барам дегендер болсо, алар 6 миң доллар жана кайтарымсыз миң сом төгүшү керек. Ал жерде автобус, тамак-аш өз деңгээлинде болот. Миң сом уюштуруу иштерине жумшалат", - деди муфтий Замир Ракиев.

Муфтий бул баа өйдө-ылдый болушу мүмкүн экенин, толук эсептелип чыккан соң ашкан акча кайтарыларын кошумчалады.

Сауд Арабиясы былтыр киргизилген 65 жашка чейинки курактык чектөөнү алып салган. Эгерде ал өлкөдөгү эпидемиологиялык абал начарлай турган болсо, чектөөлөр салынары эскертилген. Муфтият билдиргендей, быйылкы ажылыктын баасы азырынча аныктала элек. Буга Сауд Арабиянын көрсөткөн кызматынын наркын жарыялай электиги себеп болууда. Былтыр ажылыктын баасы 4500 доллар болгон.

2022-жылы Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн. 2020-жылы 6110 адамга бөлүнгөнү менен ал жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу ажылык сапар болбой калган. 2021-жылы да ушул эле себептен улам уюштурулган эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG