Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:06

Киев Орусия кайрадан ракетадан сокку урганын билдирди


18-февралда Орусия Украинага кайрадан ракетадан сокку урду. Украин Куралдуу күчтөрү "Калибр” үлгүсүндөгү эки канаттуу ракета менен кеминде төрт жолу сокку урулганын билдирди.

Билдирүүдө "эки ракетаны абадан коргонуу күчтөрү жок кылганы" жана Орусия тактикалык учактарды колдонгону да айтылат. Украинанын бийлиги жана бир катар ЖМКлар Хмельниц жана Николаев облустарында жарылуу болгонун кабарлады. Хмельниц облустук аскер администрациясынын башчысы Сергей Гамалий эки ракеталык соккунун бири аскерий объектке тийгенин, ал жерде өрт чыгып, тез эле өчүрүлгөнүн тастыктады. Анын айтымында, эки киши жараат алган.

Шаар мэри Александр Симчишин үч билим берүү мекемеси, ондой көп кабаттуу үй зыян тартканын билдирди.

"Үйлөрдүн терезелери жана балкондору талкаланды. Техникалар, бир машина жабыркады. Эки киши жараат алып, ооруканага жаткырылды", - деди ал.

Николаев облусунун башчысы Виталий Ким Телеграм каналына ракеталардын биринин сыныктарынын сүрөтүн жарыялап, "бул украиналык абадан коргонуу ракетасынын бөлүктөрү болушу мүмкүн" экенин кошумчалады.

Эртең менен аскер аналитиктери Кара деңизде "Калибр" үлгүсүндөгу 12 ракетаны каттаган. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү Наталья Гуменюк Орусия ал ракеталардын жардамы менен “каалаган учурда” массалык сокку урушу мүмкүн экенин эскертти.

Украинанын Донецк облусундагы Бахмут шаарын алуу үчүн бир нече айдан бери катуу салгылаш жүрүп, соңку маалда Орусия Донбасста күчүн топтоп, жаңы чабуулдарга камынып жатканы кабарланган.

15-февралда Украин куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Бахмут шаарынын тегерегинде гана эмес, Лиман, Авдеевка, Купянсканын да айланасында кармаш жүрүп жатканын билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG