Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты

Түркия.

Февралдын башында Түркия менен Сирияда болгон катуу зилзалада каза тапкандардын саны 45 миңден ашты.

Reuters агенттигинин жазганына караганда, Түркияда курмандыктардын саны 39 672, Сирияда 5800 адамга жеткен. Канча кишинин дайыны чыкпай жатканын бийлик өкүлдөрү айта элек.

Түркияда сейсмикалык активдүү аймактарда көп кабаттуу үйлөрдү курууда стандарттарды сактабаганы үчүн бийликке жана курулушчуларга олуттуу дооматтар коюлууда. Өлкөдө имараттардын урашы боюнча иш иликтенип жатат - 100дөн ашуун шектүүнү кармоо чечими кабыл алынган.

Зилзаланын кесепетинен миллиондогон киши гуманитардык жардамга муктаж. Алардын көбү баш калкалай турган жери жок, көчөдө калды. Буга чейин Сирияда кырдаал, аялдар менен балдардын абалы аянычтуу экенин Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу корунун аймактык өкүлү Лейла Бейкер билдирген.

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында 7,8 баллга жеткен зилзалада миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө баш калкасыз калды. Улуттар Уюму бул сан эки эсеге көбөйүшү ыктымал экенин эскертти. Эки өлкөдө тең 800 миңдей кишиге тамак-аш жетпей, ачык асман алдында калгандар көп экени кабарланууда. (КЕ)

Дагы караңыз

Талас: Боо-Терек айыл аймагында өзгөчө кырдаал жарыяландыBBC: февралда Украинадагы согушта каза болгондор көбөйдүТүркия: кыргызстандык куткаруучулар 296 сааттан кийин тирүү калган үч кишини алып чыктыӨкмөт жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салдыКар көчкүдөн улам Ош-Бишкек жолунда 500дөй автоунаа кезек күтүп турат