Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:18

Түркия: кыргызстандык куткаруучулар 296 сааттан кийин тирүү калган үч кишини алып чыкты


Куткаруучулар. Кахраманшаары. Түркия.
Куткаруучулар. Кахраманшаары. Түркия.

18-февралда кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Хатай провинциясында үч кишини уранды алдынан аман-эсен алып чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү "Хабер глобал" телеканалы кабарлады.

Анда куткаруучулар "таң аткандан бери уранды алдында иштегенин, орто жаштагы эки киши жана бир кичине бала тирүү чыкканын" айтышат.

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Хатай провинциясына Кахраманмараш шаарындагы 10 күнгө созулган издөө-куткаруу иштерин жыйынтыктагандан кийин, 16-февралда барган.

Расмий маалымат боюнча Түркиядагы кырсык болгон аймакта 74 өлкөдөн 7098 куткаруучу ишин улантып жатат. Ал эми 15 мамлекеттин 4236 куткаруучу топтору Түркиядагы ишин жыйынтыктап, өз өлкөлөрүнө кайтууда.

Кыргызстан зилзала орун алган алгачкы күндөрү эле куткаруучуларды жөнөткөн. Учурда Түркияда 180ден ашуун куткаруучу жүрөт.

6-февралдагы Түркия менен Сириядагы катуу зилзала 43 миңден ашуун адамдын өмүрүн аллды. Он миңдеген жаран жараат алып, үйлөр кыйрады. (ElB)

XS
SM
MD
LG