Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:57

Өкмөт жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандан Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) кирбеген өлкөлөргө минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды.

Тийиштүү чечим Министрлер кабинетинин кеңешмесинде кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, жер семирткичтерди ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу алты айлык мөөнөткө киргизилди.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков 2023-жылдагы айдап-себүү иштери тууралуу 16-февралда парламентте маалымат берип жатып өлкөдө 40 миң тонна минералдык жер семирткич барын, баасы былтыркыдан арзан экенин билдирген.

Буга чейин Айыл чарба министрлиги өкмөттүн токтомуна ылайык, 31-январдан тартып пиязды сыртка экспорттоого үч айлык тыюу салган.

Анда мындай чара азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык жактан маанилүү товарлардын баасы жогорулап кетишине жол бербөө максатында көрүлгөнү, мындай чектөө Казакстан менен Өзбекстанда дагы киргизилгенин билдирген.

Бирок дыйкандар бул чектөөнүн айынан кампадагы пиязы чирип, өнүп жатканын айтышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG