BBC: февралда Украинадагы согушта каза болгондор көбөйдү

Февраль айынын эки аптасында Украинадагы согушта каза болгон орусиялыктардын саны мурдагы айларга салыштырмалуу беш эсе көбөйүп, 1679 адамдын өлүмү ырасталган.

Бул согуш башталган бир жылдан ашуун убактан берки жоготуулардын эң көбү. Бул тууралуу Би-Би-Синин орус кызматы жана орусиялык Mediazona басылмасынын бирге жасаган иликтөөсүндө айтылат.

17-февралга карата журналисттер 14 709 кишинин өлүмүн тастыктаган. Каза болгондордун басымдуу бөлүгү "ЧВК Вагнердин" жалданма аскерлери экени аныкталган. Алардын арасында абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар да бар.

Журналисттердин белгилешинче, алар аскер кызматкерлеринин өлүмү тууралуу тастыкталган маалыматтарга гана таянышат, андыктан жоготуулардын реалдуу саны кеминде эки эсе жогору болушу мүмкүн. Эң консервативдүү эсептөөлөр боюнча, Украинага басып киргенден бери Орусия 29,5 миңден ашуун кишисин жоготкон болушу ыктымал дешет журналисттер.

Басылмалар 1121 мобилизацияланган орусиялыктын өлүмү тууралуу кабардар болду. Алардын 40% 1-январдан берки убакта каза болгон. Журналисттер тизмеге мобилизацияланган адамдардын өлүмү тастыкталган учурларды гана киргизгенин белгилешүүдө.

Орусияда чогултуу пункттарында же аскер бөлүктөрүндө 50дөй мобилизация болгон адам ден соолугуна байланыштуу же медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн каза болгону белгилүү болду. Сегиз адам өз жанын кыйды, алтоо кырсыктан каза болду. Кеминде 1071 мобилизацияланган адам согуш зонасында өлгөн.

Каза болгондордун көбү - Краснодардан, Свердлов, Челябинск облустарынан. Экономикалык жактан начар аймактар жалпысынан жоготуулардын саны боюнча алдыда турат. Бурятиядан 425, Башкырстандан 463, Дагестандан 425 адам каза болгон. Москвадан окко учкандардын 98инин аты белгилүү, бирок борбор калаа тургундары Орусиянын калкынын дээрлик 9% түзөт.

Украинага басып киргенден бери Орсуия 1732 офицерин жоготкон. Көп учурда жеке түзүм менен жүргөн, жаңы келгендерди үйрөтүп, согуш талаасында чечим чыгарган кенже офицерлер каза болгон. Өлгөндөрдүн үч миңдейи элиталык адистер: аскерлер, атайын бөлүктөгү офицерлер, деңиз аскерлери жана учкучтар. Орусия согуш башталгандан бери кеминде 120 аскер учкучун жоготту.

Орусия 2022-жылдын 24-февралында Украинага толук масштабдуу басып кирүүнү баштаган. БУУнун маалыматында, декабрдын башына карата согуштук аракеттердин натыйжасында 6702 украиналык жаран, анын ичинде 424 бала каза болгон. Бул маалыматтар толук эмес болушу мүмкүн деп белгилейт уюм. (КЕ)

Дагы караңыз

Өкмөт жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салдыКар көчкүдөн улам Ош-Бишкек жолунда 500дөй автоунаа кезек күтүп туратКар көчкүдөн улам Бишкек-Ош жолунда автоунааларга чектөө киргизилдиЖалал-Абад облусунда лидер аялдардын тилектештик курултайы өтүп жатат