Кар көчкүдөн улам Ош-Бишкек жолунда 500дөй автоунаа кезек күтүп турат

Кар көчкү. Ош-Бишкек жолу. Сүрөт ӨКМден алынды. 18-февраль, 2023-жыл.

Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүдөн улам "Арал" (Токтогул району, Жалал-Абад) жана "Сосновка" Жайыл району, Чүй) постторунда кезекке турган жеңил жана жүк ташуучу автоунаалардын саны 500дөн ашты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга кар көчкүгө байланыштуу автоунаалардын бардык түрүнө чектөө киргизилгени себеп болгонун билдирди.

"Арал" постунда 300гө жакын жеңил автоунаа жана 100гө жакын оор жүк ташуучу автоунаа, "Сосновка" постунда 75 оор жүк ташуучу автоунаа жана 52 жеңил автоунаа кезек күтүп турат. ӨКМ жана жергиликтүү бийлик жылынуучу жайлар уюштурулуп, "Арал" постунда 150, ал эми "Сосновка" постунда 80 адамга тамак-аш берилди", - деп айтылат маалыматта.

Кырдаалдан улам ӨКМ жана жергиликтүү бийлик кезек күткөндөр үчүн жылынуучу жайларды уюштуруп, 200дөн ашуун кишиге ысык тамак берди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, 18-февралда саат 09:30 чамасында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 223-чакырымында 180 миң метр куб кар көчкү түшкөн (Токтогул району, Шаркыратма тилкеси).

Кыргызгидромет борбору 16-19-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү ыктымалдыгын кабарлаган.

ӨКМ кооптуу аймакта жашаган жарандарга эскертүү берүүдө. Мекеменин кызматкерлери Баткен облусунун Жаңырык, Табылгы жана Тунук-Суу айылдарында жер көчкү, таш кулоо жана сел жүрүү кооптуулугу жогору болгондуктан, аталган участоктордо жашаган жарандарды коопсуз жайга көчүрүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ар бир жаранга жана айыл өкмөт башчыларына эскертүү кагаздары берилди.(КЕ)

Дагы караңыз

Кар көчкүдөн улам Бишкек-Ош жолунда автоунааларга чектөө киргизилдиЖалал-Абад облусунда лидер аялдардын тилектештик курултайы өтүп жататБолгарияда жүк ташуучу автоунаадан ооган мигранттарынын сөөгү табылдыТарыхчы Андрей Зубов менен журналист Андрей Лошак “чет элдик тыңчы” реестрине кирди