Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:02

Тарыхчы Андрей Зубов менен журналист Андрей Лошак “чет элдик тыңчы” реестрине кирди


Журналист Андрей Лошак
Журналист Андрей Лошак

Орусиянын Юстиция министрлиги тарыхчы Андрей Зубов менен журналист Андрей Лошакты “чет элдик агенттердин” реестрине киргизди.

Аталган мекеме “азыркы бийликке каршы күрөш”, “конституциялык түзүлүштү өзгөртүү” чакырыктарын жасаган деген негизде тизмеге “Возрождение” эркин коомдук пикир мектебин дагы кошкон. Министрликтин маалымдашынча, мектептин лекторлорунун көпчүлүгү “чет элдик агент” реестрине киргизилген жана алар чет мамлекетте жашайт.

Юстиция министрлигинин маалыматына карганда, Андрей Зубов “чет элдик агенттердин” материалын түзүүгө жана таратууга катышкан, бийлик органдары тууралуу “так эмес маалыматтарды” тараткан. Андрей Лошак деле ушундай негизде тизмеге кигизилип, чет элдик түзүмдөр менен “активдүү иштешкени” айтылат мекеменин маалыматында.

Андрей Лошак – тележурналист жана режиссер-документалист. 2009-жылга чейин НТВ телеканалында иштеген. ТЭФИ телесыйлыгынын (2003) жана ЖМК боюнча орус өкмөтүнүн сыйлыгынын (2017) лауреаты. 2022-жылы Орусиянын Украинадагы согушу орус үй-бүлөлөрүн кантип бузуп жатканы тууралуу “Байланыштардын үзүлүшү” аттуу даректүү тасма тарткан.

Андрей Зубов – тарых илимдеринин доктору, публицист, Элдик эркиндик партиясынын (ПАРНАС) төрагасынын орун басары. Профессор 2014-жылы Крым аннексиясына каршы пикирин билдиргени үчүн МГИМОдогу кызматынан алынган. Украинадагы согушту бир нече жолу айыптап чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG