Кар көчкүдөн улам Бишкек-Ош жолунда автоунааларга чектөө киргизилди

ӨКМдин атайын техникасы жолду кар көчкүдөн тазалап жатат. 18-февраль, 2023-жыл.

Бишкек-Ош автоунаа жолуна кар көчкү түшүп, "Сосновка", “Арал” постторунда автоунааларга чектөө киргизилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, 18-февралда саат 09:30 чамасында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 223-чакырымында 180 миң метр куб кар көчкү түшкөн (Токтогул району, Шаркыратма тилкеси).

Буга чейин ӨКМ Бишкек-Ош автоунаа жолунун 255-чакырымында кар көчкү толук тазаланганын билдирген. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу бир катар жолдор жабылганын билдирген. Нарында кар көчкүгө байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилген. (КЕ)

Дагы караңыз

Болгарияда жүк ташуучу автоунаадан ооган мигранттарынын сөөгү табылдыТарыхчы Андрей Зубов менен журналист Андрей Лошак “чет элдик тыңчы” реестрине кирдиКыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Хатай аймагында ишин улантуудаЧаткалда Жаңы-Базар айылынын 15 тургуну коопсуз жайга көчүрүлдү