Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:07

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Хатай аймагында ишин улантууда


Зилзаладан кийинки куткаруу иштери. Кахраманмараш, Түркия. Февраль, 2023-жыл.
Зилзаладан кийинки куткаруу иштери. Кахраманмараш, Түркия. Февраль, 2023-жыл.

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы 10 күнгө созулган издөө-куткаруу иштерин жыйынтыктап, өлкөнүн түштүк бөлүгүндө жайгашкан Хатай провинциясына келишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, учурда Хатайда чатырлар тигилип, куткаруучулардын абалын дарыгерлер көзөмөлгө алууда. Санитардык эрежелерге ылайык, коргонуучу каражаттар менен камсыздалып, эрежелер тыкыр көзөмөлдөнүп жатканы кабарланды.

Аталган лагерге кыргызстандык куткаруучулар менен биргеликте Түштүк Кореядан 12 куткаруучу, Бангладеш мамлекетинен 30, Пакистандан 34, Мексика өлкөсүнөн 32 куткаруучу эки үйрөтүлгөн ити менен келген. Сауд Арабиясынан 97 куткаруучу, Омандан келген 32 куткаруучу Хатай шаарында куткаруу иштерин жүргүзүп жатат.

Расмий маалымат боюнча Түркиядагы кырсык болгон аймакта 74 өлкөдөн 7098 куткаруучу иштеп жатат.

15 мамлекеттен барган 4236 куткаруучу топтор Түркиядагы ишин жыйынтыктап, өз өлкөлөрүнө кайткан.

Кыргызстан зилзала орун алган алгачкы күндөрү эле куткаруучуларды жөнөткөн. Учурда Түркияда 180ден ашуун куткаруучу жүрөт.

6-февралдагы Түркия менен Сириядагы катуу зилзала 43 миңден ашуун адамдын өмүрүн аллды. Он миңдеген жаран жараат алып, үйлөр кыйрады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG