Жалал-Абад облусунда лидер аялдардын тилектештик курултайы өтүп жатат

Аялдар курултайы. Жалал-Абад. 18-февраль, 2023-жыл.

Бүгүн, 18-февралда өтүп жаткан аялдар курултайына жүздөн ашуун кыз-келиндер катышууда.

Алардын ичинде Жогорку Кеңештин аял депутаттары да бар. Курултайда аялдарга карата зордук-зомбулук жана ыдык көрсөтүү, аялдардын саясий процесстерге катышуусу жана саясаттагы аларга болгон кысым, аялдардын экономикалык жактан мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу жана аймактардагы саламаттыкты сактоо, экология маселелери, аларды чечүү жолдору талкууланууда.

Иш-чара Жогорку Кеңештеги аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин колдоосу менен ишке ашууда.

Аялдардын тилектештик курултайы 15-февралда Баткен облусунда өткөн. 25-февралда Ысык-Көл облусунда өтөт.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев былтыр аялдарга каршы жасалган зордук-зомбулукка байланыштуу укук коргоо органдары 6 580 кылмыш иши козголгонун билдирген. Бул тууралуу ал прокуратуранын 2022-жылдагы ишмердиги боюнча 31-январда өтүп жаткан басма сөз жыйынында айткан. Анын сөзүнө караганда, бул 2021-жылга салыштырмалуу 4 290 ишке аз.

Былтыр аялдарга жасалган кылмыш иштеринин 2 709у сотко жөнөтүлүп, 1 937и өндүрүштөн кыскартылып, 1 305 иш токтотулган. Ал эми 781 иш тергелип жатат.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) уюму 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча жарыялаган баяндамасында Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча маанилүү кадамдар жасалганы менен, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулук фактыларынын көбү сотко жетпей, жабылып калып жатканын билдирген. (ТВ)

Дагы караңыз

Тарыхчы Андрей Зубов менен журналист Андрей Лошак “чет элдик тыңчы” реестрине кирдиКыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Хатай аймагында ишин улантуудаБолгарияда жүк ташуучу автоунаадан ооган мигранттарынын сөөгү табылдыЧаткалда Жаңы-Базар айылынын 15 тургуну коопсуз жайга көчүрүлдү