Жарандык активист Али Шабдан дагы эки айга абакта калды

Али Шабдан сот залында.

Бүгүн 15-февралда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камалган жарандык активист Али Шабдандын бөгөт чарасын карап, аны дагы эки айга тергөө абагында калтыруу жөнүндө чечим чыгарды.

Эми ал апрелдин ортосуна чейин №1 тергөө абагында кармалат.

Биринчи Май райондук соту 15-февралда Кемпир-Абад иши боюнча саясатчы Равшан Жээнбековдун да бөгөт чарасын 20-апрелге чейин узартты. Жээнбеков ооруканада дарыланып жаткандыктан, сотко алып келинген жок.

Ушул тапта аталган сотто Кемпир-Абад иши боюнча Акыл Айтбаевдин бөгөт чарасы каралып жатат.

Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далил жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.(ZKo/TSh)

Дагы караңыз

Кыргызстанда орточо пенсия сегиз миң сомду түзүүдөСоцфонддо топтолгон акчасы бар экенин билбегендер маселеси көтөрүлдүСот Орозайым Нарматованы 20-апрелге чейин үй камагында калтырды12 жыл мурдагы өлүм: соттолгон тараптын жүйөсүТүркия: "Элге жашаган үйлөрүн мүрзө кылып бердиңер"