Түркияда зилзалада кыйраган үйлөрдүн курулушу боюнча тергөө-иликтөө иштери башталып, 130дан ашуун киши суракка чакырылып, аларды тогузу камалды. Түрк оппозициясы бийлик курулуш тармагындагы эрежелер менен нормаларга көз жуумп келгенин, мындан улам апааттын масштабы чоң болгонун айтууда.
Жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарындагы кыйрап түшкөн ондогон турак-жайдын арасында эч нерсе болбогон имарат көзгө урунат. Бул үй куламак турсун, терезелеринин айнектери да дээрлик сынган эмес.
Соцтармактарда жайылган видеодо карапайым шаар тургуну ушунча адамды жер титирөө эмес, кайдыгерлик өлтүргөнүн айтып кейип жатат.
"Тилекке каршы, биздин үй кыйрады. Бирок карагыла, маңдайыбыздагы үй сопсоо турат. Биринчи кабатында идиш-аяк дүкөн бар экен. Карасаңар, витринада тизилген табактар кыймылдабаптыр. Баары бүтүн тизилип турат. Эми маңдайдагы биздин үйдү карагыла. Тыптыйпыл. Адамды жер титирөө өлтүрбөйт, достор, биздин кайдыгерлигибиз өлтүрөт".
Түркиядагы катуу зилзаладан кийин бул видео соцтармактарда желдей тарады. Интернетте муну жалган маалымат дегендер да болду. Бирок Түркиядагы "Т24" сайты Кахраманмараш шаарындагы сөз болуп жаткан үйдү курган компаниянын жетекчиси Акын Өнжүл менен байланышкан.
"Мен 2005-жылдан бери курулуш тармагында иштейм. Кудайга шүгүр, биз курган имараттарда оор кыйроолор болгон жок. Анда жашагандардын баары тирүү. Мунун себеби куруучулардын жана техникалык топтун өз ишин так аткарганында деп ойлойм", - деди компаниянын жетекчиси.
Курулуш компанияларына "аңчылык" башталды
Учурда түрк коомчулугунда зилзалада кайсы бир имараттар пайдубалына чейин кыйраса, айрымдары "кебелбей турганы" тууралуу кызуу талаш-талкуу жүрүп жатат.
Түрк бийлиги 10 провинцияда 170 миң имаратты карап чыккандан кийин 25 миң үй жараксыз экенин аныктады. Юстиция министри Бекир Бозбаг курулуш компанияларына жооптуу 113 кишини кармоого буйрук берген. Соңку маалыматтарга ылайык, 43 киши кармалып, анын тогузу тергөө абагына түштү. Түрк бийлиги урап калган үйлөрдү курган же аларга уруксат берген адамдарды шалаакылыкка айыптап жатат.
Хатай провинциясынын Антакия шаарында кыйраган имараттардын бирин курган компаниянын ээси Мехмет Яшар Жошкун.
"Анадолу агенттигинин" маалыматына ылайык, Жошкун ири өлчөмдөгү акча менен Монтенегрого чыгып кетер алдында кармалган. Стамбул шаарынын Башкы прокуратурасына сурак берген Жошкун өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.
Анын компаниясы 2012-жылы Антакияда 12 кабат, 250 батирлүү, эң коопсуз делген Rönesans Rezidans комплексин курган. Имарат 6-февралдагы зилзалада толук кулап калган.
Оппозициянын сыны
12-февралда Хатай провинциясына барган Республикалык элдик партиянын (CHP) лидери Кемал Кылычтароглу "эң башкы күнөөкөр - туш келди курулуштарга уруксат берген бийлик" деп айтты.
"Элге жашаган үйлөрүн мүрзө кылып бердиңер. Ал аз келгенсип, анын үстүнөн акча алдыңар. Ушундай да саясат болобу? Эл коопсуз үйдө кам санабай жашоого укуктуу. Жашаган үйү жараксыз, мыйзамсыз салынган. Бийлик, силер ага уруксат берип атасыңар", - деди оппозициячыл саясатчы.
Түркияда Сейсмологиялык кодекс жазылган, бирок ал көп учурда сакталчу эмес. Бул документке ылайык, курулуш долбоорлору кылдаттык менен текшерилүүгө тийиш.
Эми "курулуш мунапысы" деген түшүнүк өлкөдө суроолорду жаратууда. Адистер аны "сапатсыз имараттарды мыйзамдаштырууга жол берген мыйзамдардын бүтүндөй жыйындысы" деп сыпаттап жатышат.
Түркияда буга чейин уруксатсыз салынган жана курулуш нормаларына, анын ичинде өрт жана сейсмологиялык коопсуздук боюнча талаптарга жооп бербеген имараттарга мунапыс берилип келген. Аймактарда андай мунапыстар утур-утуру берилген. Курулушка тийиштүү соңку мунапысты өкмөт 2018-жылы кабыл алган. Анда 7 миллиондон ашык имарат, анын ичинде 5,7 миллион турак жай мунапыс алган. Жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда 75 миңге жакын мындай имарат бар.
Түркиянын инженерлер палатасы жана архитекторлор палатасынын бөлүм башчысы Пелин Пынар Гиритлиоглу жергиликтүү "Оксижен" басылмасына берген маегинде 6-февралдагы жер титирөөдөн жабыркаган 10 провинцияда болжол менен 75 миң имаратка мындай мунапыс берилгенин айтты.
Стамбулдагы Богазичи университетинин Сейсмология инженериясы бөлүмүнүн негиздөөчүсү Мустафа Эрдик Washington Post басылмасына берген комментарийинде Түркиядагы көйгөйлөрдүн бирден бир себеби мыйзамсыздык экенин жашырбайт.
"Мындай катуу жер титирөөнүн зыяны чоң болушу күтүлгөн нерсе. Бирок зыяндын түрү "катмарлашкан" болбошу керек эле. Жер титирөө учурунда тартылган сүрөттөрдү карасак, имараттардын үстүнкү кабаттары төмөнкү кабаттарга "отуруп" калган. Бул кыйроону англис тилинде "pancake collapse" деп аташат. Геологдордун айтымында, кыйроонун мындай түрү имараттар силкинүүгө туруштук бере албаганынын далили болуп саналат".
42 миң эли бар Хатай провинциясынын Эрзин районунда кыйроо жокко эсе. Мунун себебин райондун башчысы Өккеш Элмасоглу мыйзамсыз курулушка каршы турганы менен түшүндүрдү.
"Мен эч кандай мыйзамсыз курулушка жол берген эмесмин. Кээде ачуусу келгендер болду. "Өлкөдө сенден башка туура адам жокпу?” деп айтышчу. Бирок мен эч кимисине баш ийген жокмун".
Болжолдуу эсептөөлөр боюнча зилзаладан Түркиянын экономикасы 84 миллиард доллардан ашык чыгым тартышы ыктымал. Bloomberg агенттиги "Түрк ишкана жана ишкерлер конфедерациясына" (TÜRKONFED) шилтеме берүү менен катуу силкинүүлөрдөн турак жайлар болжол менен 70 миллиард доллардан ашуун зыян тартканын белгилейт.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 11-февралда жапа чеккен өлкө түштүгүндөгү Диярбакыр провинциясында эл менен жолукканда "Урандыларды тазалап, кайра калыбына келтирүү иштерине тездик менен киришебиз. Азыр жүз миңдеген үйдү, тагыраак айтканда жер титирөөдө катуу талкаланган шаарларды реконструциялоо планынын үстүнөн иштеп жатабыз. Бир нече аптанын ичинде чечкиндүү кадамдарды баштайбыз”, - деди.
Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон катуу зилзаладан набыт болгондор 40 миңге чукулдады. Улуттар Уюму бул сан эки эсеге чейин көбөйүшү ыктымал экенин эскертти. Эки өлкөдө болжол менен 800 миңдей кишиге тамак-аш жетпей, ачык асман алдында калды.
Уранды алдынан аман калгандарды табуу үмүтү күн өткөн сайын азайып баратат.