Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:38

Кыргызстанда орточо пенсия сегиз миң сомду түзүүдө


Бүгүнкү күндө Кыргызстанда орточо пенсия сегиз миң сомду түзүүдө. Бул тууралуу бүгүн 15-февралда Жогорку Кеңеште пенсиялык реформа талкууланып жатканда Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтымында, былтыр пенсиянын орточо суммасы эки миң сомго жогорулады:

“Пенсияны мынчалык көбөйтүү болгон эмес. Азыр пенсиянын орточо эсеби сегиз миңге жакын болду. Былтыр алты миң болчу”.

Статистика комитетинин 2022-жылдын үчүнчү кварталындагы эсеби боюнча, жашоо минимуму Кыргызстанда 7242 сомду түзөт.

Социалдык фонддун маалыматына караганда, азыр өлкөдө 740 миңдей пенсионер бар.

Коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдан берки жана былтыр февралда Орусия Украинага кол салгандан кийинки дүйнөдөгү экономикалык өзгөрүүлөрдүн таасиринен улам Кыргызстанда да азык-түлүктүн дээрлик бардык түрү, мүлк жана башка товарлар бир нече эсе кымбаттады. Мисалы, бир жыл мурда 35 сомдун тегерегинде сатылган сүт-айрандын азыркы баасы 70 сомдон ашат.

Учурда Кыргызстанда инфляциянын деңгээли расмий түрдө 14,7% деп аныкталганы менен талдоочулар 20-25% болуп жатаканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG