Түркияда кыргыз куткаруучулары жалпысынан беш адамды аман алып чыгышты

Түркия.

Түркияда жер титирөөдөн жабыркаган Кахраманмараш шаарында издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан кыргызстандык адистер уранды астынан жалпысынан беш адамды аман алып чыгышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-февралда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, сегиз күн ичинде кыргызстандык куткаруучулар жалпысынан 154 адамдын сөөгүн табышты.

6-февралда Түркия менен Сирияда эки өлкө чектешкен аймакта катуу жер титирөө болуп, Түркияда каза тапкандар 35 миңден ашты, Сирияда 6 миңге чамалады.

Кыргызстан Түркиянын зилзала болгон аймактарындагы куткаруу иштерине 200гө жакын куткаруучусун жана алты дарыгерин жөнөткөн, жабыркагандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн 80ге жакын боз үй тигип берди. (RK)

Дагы караңыз

АКШ Украинадагы балдарды Орусияга көчүрүү боюнча отчетун жарыялады"Вечерний Бишкектин" Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы сотто карала баштадыӨскөн Даникеев: Мен бактылуумун Санкциялар: Бишкек Орусияга чырмалууда