Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:34

"Вечерний Бишкектин" Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы сотто карала баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн 15-февралда "Вечерний Бишкек" басылмасынын Kaktus.media басылмасына каршы доо арызы боюнча алгачкы угуу өттү. Адвокат Акмат Алагушев «Азаттыкка» билдиргендей, судья ишти тынчтык жолу менен жабуу ыктымалдыгын сураштырганда доогер тарап андайга макул эместигин билдирди. Кийинки отурум 28-февралга белгиленди.

Доо арыз Kaktus.media сайтына былтыр 29-декабрда жарыяланган “"Вечерний Бишкектин" кызматкерлери гезит 1-январдан тартып жабыларын билдиришти” деген макала жарыяланганына байланыштуу жазылган.

“Вечерний Бишкек” бул макалада так эмес маалымат келтирилгенин айтып, жалпысынан 50 миллион сомдук доо койгон.

Соңку кезде Кыргызстанда көз каранды эмес медиага басым күчөгөнүн серепчилер белгилеп жатышат. Коррупцияны ашкерелеген иликтөөчү журналист Болот Темиров былтыр өлкөдөн күч менен чыгарылды, Next TV телекомпаниясынын жетекчиси шарттуу түрдө үч жылга соттолду, "ПолитКлиника" басылмасына каршы сотко арыз берилери маалымдалды, “Азаттыктын” сайты бир нече айдан бери бөгөттөлүп турат жана аны ЖМК катары жабуу аракети көрүлүүдө.

«Азаттыктын» жана Kaktus.media басылмасынын жабылышын талап кылып социалдык түйүндөргө пикир жазгандардын көбү фейк аккаунттар экенин Bulak.kg сайты аныктап чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG