Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:53

АКШ Украинадагы балдарды Орусияга көчүрүү боюнча отчетун жарыялады


Украинадагы балдар.
Украинадагы балдар.

АКШ шейшембиде орус бийликтери Украинада уурдалган балдардын туугандарынын ортосундагы үй-бүлөлүк байланышты кантип үзүп жатканы тууралуу көз карандысыз баяндамасын жарыялады.

Доклад Мамлекеттик департаменттин Йел университетинин гуманитардык изилдөө лабораториясындагы Конфликттерге байкоо жүргүзүү программасынын алкагында даярдалган.

“Америка авазы” орус кызматынын маалыматына караганда, баяндамада миңдеген украиналык балдар орус бийлигинин карамагындагы аймактарга жайгаштырылганы баяндалат.

Докладда корголгон адамдарды мыйзамсыз өткөрүп берүү жана депортациялоо “жарандык адамдарды коргоо боюнча Женеванын төртүнчү конвенциясын одоно бузуу” катары сыпатталат. Мындай аракет согуштук кылмыш болуп саналат", - деп айтылат билдирүүдө. Балдардын жерин которуу жана депортациялоо кандай стандарт болбосун адеп-ахлаксыздык болуп саналат.

"Орусия өз эркине каршы жер которуу, депортацияны токтотуп, балдарды үй-бүлөсүнө же аларды баккан мыйзамдуу тараптарга кайтарышы керек", - деп айтылат Конфликттерге байкоо жүргүзүү уюмунун докладында.

Февралдын башында Украинанын Башкы прокуратурасы Орусия басып киргенден кийин бул өлкөдө 460 бала набыт болуп, 919 өспүрүм ар кандай жараат алганын билдирген. Прокуратуранын маалыматына караганда, согуш башталган убактан бери аткылоо жана бомбалоодон 3126 балдар жана билим берүү мекемелери жабыркап, 337си толук талкаланган. 16 миңден ашуун бала Орусияга чыгарылып кеткен.

БУУнун балдар кору (ЮНИСЕФ) - 2023-жылы украиналык балдардын өлкө ичинде жана тышында муктаждыктарын канааттандыруу үчүн 1 миллиард доллардан ашык каражат бөлүнүшү керек экенин билдирди. Алардын ичинен 829 миллион доллар Украинанын өзүндөгү балдарды колдоо үчүн, 229 миллион доллар чет өлкөдөгү качкын балдар үчүн керектелет. Бул суммага окуу, тамак-аш, жатакана жана медициналык тейлөөгө кеткен чыгымдар кирет.

XS
SM
MD
LG