Украин элчиси мигранттарды Орусия басып алган аймактарга барбоого чакырды

Орусия басып алган Мариуполдо талкаланган үй жана анын жанынан өтүп бараткан тургун.

Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко өлкөсүнө барууну каалаган кыргызстандык мигранттар эске алчу коопсуздук маселесин эскертти.

Ал "Мигрант медиа" долбооруна курган маегинде Украинага Орусия басып алган аймактардан кирүү кылмышка тете болорун айтып, ал жактарга барбоого чакырды. Элчинин сөзү боюнча расмий Киев согушка барган мигранттарды баскынчылардын өнөктөшү катары көрөт.

"Украинага чет элдик жарандар украин бийлигинин уруксаты менен чек арадагы көзөмөл өткөрмө бекеттери аркылуу гана кире алат. Башка жактан кирүү мыйзамсыз жана баскынчылардын өнөктөшү катары эсептелет".

Валерий Жовтенко Орусия басып алган аймактарда иштеген чет элдиктерге Европага жана АКШга барууга тыюу салынышы мүмкүн деп эсептейт.

Акыркы убактарда түрдүү Телеграм-каналдарда Украинанын Орусия басып алган аймактарында калыбына келтирүү иштерине мигранттарды чакырган жарыялар жайнап жүрөт. Андай иштерди "коопсуз" деп сыпаттап, 100 миң рублге чейин берүүнү убада кылган билдирүүлөр бар.

Орусия каратып алган аймактарда ишке тартылган кыргызстандыктар тууралуу расмий маалымат бериле элек.

“Азаттыктын” тажик кызматы Орусияда миграцияда жүргөн тажикстандыктар Орусия каратып алган Мариуполдо курулушта иштеп, маяналарын ала албай жатканын айткан. Декабрдан тарта Казакстандын жарандары да Мариуполго жибериле баштаганы белгилүү болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

УКМК: Базар-Коргондо жергиликтүү кеңештин депутаты кармалдыУлуттук банк валюта рыногуна дагы 40,2 миллион доллар саттыТүркия менен Сирияда зилзаладан каза болгондордун саны 37 миңден аштыГерманияга барган студенттер укугу бузулганын айттыЖапаровдун Будапешт сапарыАКШ жарандарын Орусиядан чыгып кетүүгө жана барбай турууга үндөдү