Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

УКМК: Базар-Коргондо жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Базар-Коргон районунун Сайдыкум айылынын тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты Ж. Ж. С. аттуу жаранды "уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар" деген шек менен кармаганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, шектүү УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-берененин 1-бөлүмү ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

"Ж.Ж.С. физикалык күч колдонуп коркутуу жолу менен жергиликтүү тургундардан дайыма акча жана башка материалдык баалуулуктарды талап кылып келген. Ал рейдерлик жол менен райондун аймагындагы айыл чарба жана балык чарбачылыгына убада кылган жер тилкелерин өзүнүн ишенимдүү адамдарына кайра мажбурлап каттатып, кийин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жолу менен басып алганы аныкталган", - деп жазылган маалыматта.

Атайын кызматтын маалымдашынча, шектүү буга чейин бир нече жолу кылмыш жообуна тартылып, 2021-жылдан бери ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) каттоосунда турган.

УКМК өткөн аптада Ошто “Женго” каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү үч мүчөсү кармалганын билдирген эле. (ZKo)

XS
SM
MD
LG