Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Түркия менен Сирияда зилзаладан каза болгондордун саны 37 миңден ашты


Зилзаладан кийин. Кахраманмараш. Февраль, 2023-жыл.
Зилзаладан кийин. Кахраманмараш. Февраль, 2023-жыл.

Түркия менен Сирияда 6-февралда болгон катуу зилзаладан набыт болгондор 37 миңден ашты. Түркиянын Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттигинин (AFAD) маалыматына караганда, зилзаладан набыт болгондор 31 643 кишиге жетти. Ал эми Сириядагы жоготуулар 5714 болгонун Бириккен Улуттар Уюму кабарлады.

Урандылардын алдынан аман калгандарды табуу үмүтү барган сайын азайып жатат. 13-февралда бир үй-бүлөдөн үч аял, ошондой эле төрт жаштагы бир бала тирүү куткарылганы кабарланды. Алар урандылардын алдында 170 сааттан ашык убакыт болушкан.

Зилзалада кыйраган үйлөрдүн конструкциясынын талапка жооп бербегени үчүн Түркияда кеминде 131 кишиге тергөө башталганы кабарланды.

6-февралдагы жер титирөөдөн миңдеген киши жараат алып, миллиондон ашыгы үй-жайсыз калды. 11-февралда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) зилзаладан 26 миллиондой киши жабыр тартканын билдирди.

БУУнун саламаттык сактоо мекемеси кырсыктан жабыркагандарга өтө зарыл жардамды уюштуруу үчүн тез арада 42,8 миллион доллар бөлүүгө чакырды. Уюм 15 миллион киши Түркияда жардамга муктаж болсо, согуштан талкаланган Сирияда 11 миллиондой адам башкалкасыз калганын билдирди.

XS
SM
MD
LG