Словакия Украинанын МиГ-29 аскер учагын жөнөтүү өтүнүчүн карайт

Эдуард Хегер.

Словакия Украинага советтик өндүрүштөн чыккан МиГ-29 учагын жөнөтүү маселесин карайт. Мунун алдында расмий Киев Братиславага аскер учактарын жөнөтүү өтүнүчү менен кайрылган эле. Бул тууралуу Reuters агенттиги словак преьер-министри Эдуард Хегерге шилтеме кылып жазды.

“Украинанын президенти менден “мигдерди” жөнөтүүнү суранды. Киевден расмий өтүнүч келип түшкөндөн кийин буга байланыштуу сүйлөшүү жараянын баштоого мүмкүнчүлүк түзүлдү”,-деген Хегер.

Батыш өлкөлөрү буга чейин Украинага аскердик учактарды берүүдөн баш тартып келген.

Украин президенти Владимир Зеленский 9-февралда бир катар европалык өлкөлөрдүн лидерлери аскердик учактарды берүүгө даярдыгын билдиргенин айткан.

Ал апта аягында Лондонго, Брюсселге, Парижге барып, Киевдин өнөктөштөрүнөн аскердик жардам, анын ичинде заманбап курал-жабдык берүүнү сурады.

Дагы караңыз

Түркия менен Сирияда зилзаладан набыт болгондор 24 миңге чамалады “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги жоюлатЗемфира менен Дмитрий Гудков “чет элдик агенттер” тизмесине кошулдуКлара Сооронкуловага Фейсбуктагы билдирүүсүнөн улам жаңы айып коюлду Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүүнүн "жол картасы" талкууланды