Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:34

Земфира менен Дмитрий Гудков “чет элдик агенттер” тизмесине кошулду


Земфира буга чейин бир канча жолу Орусиянын Украинага каршы согушун ачык айыптап, Киевге  колдоосун билдирген.
Земфира буга чейин бир канча жолу Орусиянын Украинага каршы согушун ачык айыптап, Киевге  колдоосун билдирген.

Орусияда Юстиция министрлиги жума күнү чет өлкөлүк агенттер тизмесин сегиз киши менен толуктады. Алардын арасында ырчы Земфира, саясатчы Дмитрий Гудков, саясат таануучу Аббас Галямов жана "Насилию.Нет" фондунун негиздөөчүсү Анна Ривина бар.

Земфира буга чейин бир канча жолу Орусиянын Украинага каршы согушун ачык айыптап, Киевге колдоосун билдирген. Бир катар басылмалар Орусияда ырларынын уктурулушуна, концерттеринин коюлушуна тыюу салынган ырчылардын тизмесинде Земфира дагы бар экенин жазышкан.

Дмитрий Гудков Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты, учвурда “Партия перемен” партиясынын лидери. Ал “Орусиянын согушка каршы комитетинин” курамына кирет.

Анна Ривина түзгөн "Насилию.Нет" борбору үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү, аялдардын укугун коргоо жаатында иш алып барат. Буга чейин Юстиция министрлиги борборду "чет өлкөлүк агент" катары тааныган.

Юстиция министрлигинин "чет элдик агент" тизмесине жүздөгөн адам киргизилген. Алардын арасында журналисттер, бейөкмөт уюмдардын, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү бар.

Чет элдик агент деп таанылган киши үч ай сайын жеке эсебиндеги каражат жана жалпыга жазгандары боюнча отчет берип турууга тийиш. Болбосо эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынып, кийин бир нече жолу өзгөртүлгөн.

XS
SM
MD
LG