Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:06

Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүүнүн "жол картасы" талкууланды


Соңку жылдары Бишкек айрыкча суук түшкөн маалда дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын сап башына чыгып келет.
Соңку жылдары Бишкек айрыкча суук түшкөн маалда дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын сап башына чыгып келет.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 10-февралда Бишкектеги ыш маселесине байланыштуу тиешелүү министрлик, мекемелердин өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче, анда бул көйгөйдү чечүүнүн "жол картасы" талкууланды. Ошондой эле мамлекеттик мекеме-органдардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүү, бул багытта ишти активдештирип, абанын сапатын жакшыртуу долбоорлоруна каражат табуу тууралуу сөз болду.

"Жылытуу мезгилин ойдогудай өткөрүп алуу үчүн экономика тармактарын жана калкты көмүр менен камсыздоо каралып келет. Ошол эле учурда, саламаттыкка терс таасирин тийгизген ыш маселеси экинчи планда калууда. Буга байланыштуу ыш маселесинин алдын алуу иштерин күчөтүүбүз зарыл. Ыштын пайда болушун күтүп жата бербестен, анын пайда болуу себептерин чечүү жөнүндө түзүлгөн "жол картанын" негизинде тиешелүү жетекчилер иш алып барып, ай сайын иштин жүрүшү тууралуу так маалымат берүүңүздөр керек", - деди Бакыт Төрөбаев.

Соңку жылдары Бишкек айрыкча суук түшкөн маалда дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын сап башына чыгып келет. Шаардын үстүн калың боз ыш каптап турган сүрөттөр жана видеолор социалдык түйүндөрдө кызы талаш-талкуу жараткан.

Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бишкекте абанын булганышына алып келип жаткан себептер тууралуу маалымат берип, биринчи себеби Жылуулук электр борбору, экинчиси – Бишкектин тегерегинде башаламандык менин салынган курулуштар, үчүнчүсү – машинелер экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG