"Анадолу": Түркияда зилзалада мерт болгондор саны 3380ден ашты

Учурда урандыларды тазалоо, куткаруу иштери жүрүп жатат, мындан улам мерт болгондор дагы көбөйүшү мүмкүн.

"Анадолу" маалымат агенттиги Түркияда катуу жер титирөөдө каза болгондордун саны кеминде 3381ге жеткенин, дагы 20 миңден ашык адам жараат алганын жазды. Учурда урандыларды тазалоо, куткаруу иштери жүрүп жатат, мындан улам мерт болгондор дагы көбөйүшү ыктымал.

Коңшу мамлекет Сирияда 1,5 миңдей киши набыт болуп, дагы жүздөгөн тургун жабыркаганы кабарланууда. Мындан улам Түркия менен Сирияда курман болгондордун саны беш миңге чамалады.

Расмий Анкара үч миңдей имарат, турак жай кыйраганын билдирген. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогон кандуу кырсыктан улам өлкөдө бир жума аза күтүү жарыялады.

Эл аралык медиалар НАТОго, Европа Биримдигине мүчө жана башка ондогон мамлекет Түркияга жардам сунуштаганын жазды. Алардын арасында Кыргызстан дагы бар жана расмий Бишкек 60тан ашык адамдан турган куткаруучу топ жөнөттү.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанды.

Түркия сейсмологиялык жактан активдүү аймактардын катарына кирет. Акыркы акыркы жолу катталган эң чоң зилзала 2011-жылдын 23-октябрында Ван аймагында болгон. Анын күчү 7,2 баллга жеткен. Зилзаланын очогу Ван аймагына караштуу Эржиш шаарында болгон. Бул кырсыкта 644 киши набыт болуп, эки миңге жакын киши оор жаракат алган. 110 миң турак жай жарактан чыккан.

Бул өлкөдө эң катуу жер титирөө 1999-жылы 17-августта Дүзже аймагында болгон жана кырсыктан 18 миңден ашык киши каза таап, 25 миңге жакыны жабыркаган.

Дагы караңыз

Кыргызстанда 5G технологиясы алгачкы сынактан өткөрүлдү Руслан Казакбаев: зилзала болгон аймакта 200дөй кыргыз жараны барМедиа тармагы: Маматокторов репрессиялык мыйзамдар болбошу керектигин айтты Текебаев: былтыр 382 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 8,7 млрд. сом кородуЖанар Акаев жалган маалыматтан коргоо мыйзамын өзгөртүү керектигин айттыТранспорт министрлиги: Кытайга каттаган 1,5 миңдей айдоочу визага муктаж Улуттук банк валюта рыногуна дагы 47,1 миллион доллар сатты