Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Руслан Казакбаев: зилзала болгон аймакта 200дөй кыргыз жараны бар


Түркияда катуу жер титирөөнүн айынан мерт болгондордун саны 2900дөн ашып, 16 миңге чукул адам жараат алды.
Түркияда катуу жер титирөөнүн айынан мерт болгондордун саны 2900дөн ашып, 16 миңге чукул адам жараат алды.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жер титирөөгө байланыштуу соңку кырдаал тууралуу "Азаттыкка" учкай маек берди. Анын маалымдашынча, зилзала болгон аймакта 200дөй кыргыз жараны бар. Учурда алар менен байланышып, жардам берүүгө аракет көрүлүп жатат. Элчинин айтымында, айрым аймактарда жашагандар менен байланышуу кыйын болууда.

Казакбаев учурда Кыргызстанда Түркияга жардам жеткирүү маселеси чечилип жатканын кошумчалады. Расмий Бишкек 6-февралда 60тан ашык адамдан турган куткаруучулар тобун жөнөткөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Бишкек убактысы боюнча саат 10.00го карата Түркиядагы жер титирөөдө курман болгондор арасында кыргыз жарандары жок экенин билдирген. Адана шаарында 1984-жылы туулган кыргызстандык жаран жараат алганы белгилүү болгон жана ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. ТИМ учурда ал жарандын абалы канааттандырарлык экенин, ооруканадан чыкканын маалымдады.

Анталья шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери Аданадагы он кыргыз жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан жеткирип, аларды коопсуз жерге жайгаштырды.

Соңку маалыматтарга ылайык, Түркияда катуу жер титирөөнүн айынан мерт болгондордун саны 2900дөн ашып, 16 миңге чукул адам жараат алды. Коңшу Сирияда дагы көз жумгандардын саны миңден ашып, дагы жүздөгөн киши жабыркады.

Расмий Анкаранын билдиришинче, 3000дей имарат, турак жай кыйрады. Урандыларды тазалоо, аман калгандарды куткаруу иштери уланууда жана мындан улам курман болгондордун саны дагы өсүшү ыктымал.

Түркияда кандуу кырсыктан улам бир апталык аза күтүү жарыяланды.

Эл аралык медиалар НАТОго, Европа Биримдигине мүчө жана башка ондогон мамлекет Түркияга жардам сунуштаганын жазды. Алардын арасында Кыргызстан дагы бар жана расмий Бишкек 60тан ашык адамдан турган куткаруучу топ жөнөттү.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанды.

Түркия сейсмологиялык жактан активдүү аймактардын катарына кирет. Акыркы акыркы жолу катталган эң чоң зилзала 2011-жылдын 23-октябрында Ван аймагында болгон. Анын күчү 7,2 баллга жеткен. Зилзаланын очогу Ван аймагына караштуу Эржиш шаарында болгон. Бул кырсыкта 644 киши набыт болуп, эки миңге жакын киши оор жаракат алган. 110 миң турак жай жарактан чыккан.

Бул өлкөдө эң катуу жер титирөө 1999-жылы 17-августта Дүзже аймагында болгон жана кырсыктан 18 миңден ашык киши каза таап, 25 миңге жакыны жабыркаган.

XS
SM
MD
LG