Өткөн кылымда Украинага сүргүнгө айдалган кыргыздар тууралуу даректүү тасма тартылды

Өткөн кылымдын 30-жылдарында репрессияга кабылып, Украинага сүргүнгө айдалган кыргыздардын тагдыры баяндалган даректүү тасма тартылды. Долбоордун демилгечиси – “Эсимде” изилдөө аянтчасы 6-февралда билдиргендей, “Чалбасы кыргыздары. Эсимде” тасмасы 1930-жылдары Кыргызстандын аймагынан Украинанын Херсон облусуна сүргүнгө айдалган үй-бүлөлөрдүн тагдырын жана ал доордогу саясий процесстерди чагылдырат.

“Бул тасмада сүргүн окуялары жана бөтөн жерде болуп өткөн кайгылуу жылдар жөнүндө күбөлөрдүн эскерүүлөрү, сүрөттөрү, сүргүнгө айдалгандардын урпактарынын баяндамалары жана архивдик булактардан алынган материалдар камтылды. XX кылымдын 30-жылдарынын башында Орто Азиядан кулакка тартылгандар Украинага он жылдык мөөнөткө сүргүнгө айдалышкан. Тасмада бул тууралуу каармандар өз тагдырлары менен бөлүшөт”,- деп айтылат “Эсимденин” маалыматында.

Украинанын Виноградово (мурдагы Чалбасы) кыштагына 1930-жылдары "кулак", "эл душманы" деп айдалып барып, ошол жакта көз жумган кыргыздар жаткан жайдын четине 2013-жылы эстелик тургузулган. Кыштакта 1944-жылдын аягына чейин 500 чамалуу кыргыз жашаган. Виноградовонун эли кыргыздар көмүлгөн жайды "Кыргыз мазар" деп аташат.

“Чалбасы кыргыздары. Эсимде” тасмасынын бет ачары 16-февралда Novotel мейманканасынын имаратында өтөт. (RK)

Дагы караңыз

Ирандагы акциялардын ураанына айланган ыр "Гремми" сыйлыгын алдыСасык тумоо көрсөткүчү бир аптада 6,4% жогоруладыТүркияда жер титирөөдө 280ден ашык адам мерт болду Чоң-Алай: тоодо жоголгон тургундун сөөгү кар көчкү алдынан табылды