Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

Түркияда жер титирөөдө 280ден ашык адам мерт болду


Түркияда табыгый кырсыкка байланыштуу өзгөчө абал жарыяланды.
Түркияда табыгый кырсыкка байланыштуу өзгөчө абал жарыяланды.

Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катуу зилзалада бери дегенде 284 киши каза болгонун, кеминде 2323 киши жараат алганын ырастады. Анын билдиришинче, Кахраманмараш, Газиентеп жана Малатья шаарларында мерт болгондор, жабыркагандар көп.

Жер титирөөдө бир топ имарат, турак жай кыйрады. Мындан улам мерт болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Учурда урандыларды тазалоо, аман калгандарды куткаруу иштери жүрүп жатат. Түркияда табыгый кырсыкка байланыштуу өзгөчө абал жарыяланды.

Түркиянын өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы күчү 7,4 баллга жеткен зилзала жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 04.17де, Сирия менен чектеш аймакта, Кахраманмараш шаарынын жанында, жети чакырым тереңдикте болгонун кабарлады.

Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу жалпысынан 10 шаар: Газиантеп, Кахраманмарас, Хатай, Османие, Адияман, Малатья, Шанлыурфа, Адана, Диярбакыр жана Килис жабыркаганын билдирди.

Сирияда дагы ондогон адам мерт болуп, дагы бир тобу жараат алганы кабарланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук департаменти Түркияда жер титирөөдө жабыркагандар арасында кыргыз жарандарынын бар-жогун тактап жатканын кабарлаган.

"Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги Анталья менен Стамбулдагы Башкы консулдуктар менен бирге Түркиянын тиешелүү органдары менен жер титирөөдө жабыркагандар арасында кыргыз жарандары бар-жогун тактап жатат. Кырдаалды көзөмөлдөр, чукул консулдук-укуктук жардам берүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү. Ошондой эле Түркияда жашаган кыргызстандыктарга зарыл жардамдарды берүү үчүн тез байланыш телефону ачылды",-деп жазылган ТИМ тараткан маалыматта.

Түркия сейсмологиялык жактан активдүү аймактардын катарына кирет. Акыркы акыркы жолу катталган эң чоң зилзала 2011-жылдын 23-октябрында Ван аймагында болгон. Анын күчү 7,2 баллга жеткен. Зилзаланын очогу Ван аймагына караштуу Эржиш шаарында болгон. Бул кырсыкта 644 киши набыт болуп, эки миңге жакын киши оор жаракат алган. 110 миң турак жай жарактан чыккан.

Бул өлкөдө эң катуу жер титирөө 1999-жылы 17-августта Дүзже аймагында болгон жана кырсыктан 18 миңден ашык киши каза таап, 25 миңге жакыны жабыркаган.

XS
SM
MD
LG