Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:00

Ирандагы акциялардын ураанына айланган ыр "Гремми" сыйлыгын алды


Ырчы Лиззо сыйлык тапшыруу аземинде.
Ырчы Лиззо сыйлык тапшыруу аземинде.

Лос-Анжелесте атактуу "Грэмми" сыйлыгынын ээлери аныкталып, жекшембиде тапшыруу аземи өттү.

"2022-жылдын эң мыкты альбому" деп англиялык 29 жаштагы ырчы Гарри Стайлстин "Harry’s House" топтому, "Жылдын мыкты ыры" деп 73 жаштагы америкалык блюз ырчысы Бонни Рэйттин "Just Like That" чыгармасы, башкы сыйлык - "Жылдын мыкты үн жазуусу" деп америкалык 34 жаштагы Лиззонун "About Damn Time" ыры табылды.

Ирандык Шервин Хажипурдун өкмөткө каршы нааразылык акцияларынын гимнине айланган "Baraye" ыры "Жылдын социалдык өзгөрүүлөргө багытталган эң мыкты ыры" болуп калды. Бул сыйлык "Грэмми" тарыхында биринчи жолу тапшырылды.

Америкалык ырчы Бейонсе бул жылы төрт багытта "Грэмминин" статуэткаларына ээ болду. Муну менен ал эң көп "Гремми" алган арчы болуп калды. Бейонсенин сыйлыктарынын жалпы саны 32ге жетти.

"Грэмми" сыйлыгын тапшыруу ушуну менен 65-жолу өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG