Казак прокурору журналист Махамбет Абжанды 11 жылга камоону сурады

Махамбет Абжан

Астанада журналист Махамбет Абжанга байланыштуу сот отурумунда прокурор аны 11 жылга кесүүнү өтүндү. Бул тууралуу Abzhan News Телеграм-каналы кабарлады.

Анын адвокаты Гүлнар Сулейменова жараяндын жабык өтүп жатканын айтып, комментарий берүүдөн баш тартты.

Соттун материалдарына караганда, Абжан "Жалган маалымат таратуу" жана "Опузалоо" беренелери боюнча айыпталууда. Сот өкүмү 3-февралда чыгары айтылды.

2022-жылы 3-июлда кармалган Махамбет Абжан ишкерди опузалап, 50 миллион теңге (180 миң доллар) алууга шек саналып жатканы кабарланган.

Анын алдында Абжан өзүнүн Abzhan News Телеграм-каналына Касым-Жомарт Токаевдин жээни Каныш Избастиндин ыктымал активдери жөнүндө материал жарыялаган.

Дагы караңыз

Украина: Москва "Батыштын танктарын өрттөйбүз" деп коркуттуEurovision ыр таймашынын эн белгиси Украинанын желегин чагылдыратBloomberg: Алишер Усмановдун байлыгы миллиард долларга көбөйдүКанада: Шинжаңдан 10 миң уйгурду кабыл алуу резолюциясы колдоо тапты"Ырчыларга, молдого ишенгем". Кооперативге алдангандар