Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:40

Eurovision ыр таймашынын эн белгиси Украинанын желегин чагылдырат


Улуу Британиянын Ливерпуль шаарында быйыл майда өтчү Eurovision ыр сынагы “Музыка бириктирет” деген ураан менен уюштурулуп жатат. Иш-чаранын эн белгисинде Украинанын желегиндеги көк, сары түстөр чагылдырылган.

Бир катар өлкөлөрдө мелдешке барчу ырчыларды тандоо жүрүүдө, айрымдарынын талапкерлери аныкталып бүттү.

Былтыр Италиядагы сынакта украиналык "Калуш Оркестра" тобу “Стефания” деген ыры менен уткан. Британия экинчи орунду ээлеген. Адатта кийинки жарыш уткан өлкөдө өтүшү керек. Бирок согуштан улам иш-чараны Украинанын атынан уюштуруу милдети Британияга берилген.

Европа телерадиоберүү бирикмеси Eurovision сынагын 1956-жылдан бери такай уюштуруп келатат. Заманбап музыка сүйүүчүлөрдүн арасындагы популярдуу шоуга 2003-жылдан бери катышып келаткан Украина буга чейин эки ирет, 2004 жана 2016-жылдары жеңген. Британия төрт жолу уткан.

Орусия кошунасына ачкан согуш үчүн былтыр жарыштан четтетилген.

XS
SM
MD
LG