Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:02

Канада: Шинжаңдан 10 миң уйгурду кабыл алуу резолюциясы колдоо тапты


Канада парламентинин төмөнкү палатасы өкмөттү эки жылдын ичинде Кытайдын Шинжаң аймагынан 10 миң уйгур качкынын кабыл алууга чакырган резолюцияны жактырды.

Сунуш берүү иретиндеги жана өкмөттү аткарууга милдеттендирбеген резолюцияны палатадагы 322 депутаттын баары бир добуштан колдоду.

Документте Канада өкмөтүн Шинжаңдан үчүнчү өлкөлөргө качууга аргасыз болгон уйгурлар жана башка түрк тилдүү элдер Кытай бийлигинин басымы менен коркутууларга туш болуп жатканын таануу чакырыктары жазылган.

Укук коргоо уюмдары Бээжинди 2017-жылдан бери ислам динин тутунган уйгур, казак жана кыргыз өңдүү Шинжаңдагы улуттардын миллиондон ашык өкүлүн түрмөлөргө жана "кайра тарбиялоочу лагерлерге" камаган деп айыптап келишет. 2021-жылы февралда Канада парламентинин төмөнкү палатасы Кытай бийлигинин Шинжаңдагы түрк тилдүү мусулман элдерге карата мамилесин геноцид деп тапкан. Ага чейин январь айында АКШнын ошол кездеги мамлекеттик катчысы Майк Помпео да Шинжаңдагы көрүнүштөрдү геноцид деп атаган.

Кытай бийлиги бардык айыптоолорду четке кагып, Шинжаңдагы аракеттерин терроризмге жана экстремизмге каршы күрөш деп атап келет.

XS
SM
MD
LG