Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте уюштурулган жардырууда бери дегенде 28 киши өлүп, 150 адам жараат алды.
Полиция жардыруу 260тай адам намазга чогулган учурда болгонун маалымдады. Имараттын бир бөлүгү урап, астында бир нече адам калган.
Жардырууга азырынча эч ким жоопкерчилик алган жок жана окуянын чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат чыга элек.
Өлкөдө бийлик менен “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын ортосунда тиреш күчөп, акыркы кездери бул топ түрдүү чабуулдарды уюштуруп келатат.
Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине каршы туруу, өлкөдө шарият үстөмдүгүн орнотуу жана АКШнын таасирине каршы күрөшө турганын айтып келет.
Мечиттеги жардырууга “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын тиешеси бар-жогу маалым эмес.
Дагы караңыз
Быйыл Улуу Британияга Кыргызстандан эки миң жумушчу жөнөтүлөт Бишкектин четиндеги беш конушка газ берүү маселеси талкууланды Ирандын аскердик заводуна чабуул жасалдыКыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 30 миллион доллар насыя алганы жататWSJ: Ирандын аскердик заводуна соккунун артында Израил турат