Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:50

Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 30 миллион доллар насыя алганы жатат


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө каржылык жардам көрсөтүү боюнча 30 миллион долларлык насыя келишими бүгүн 30-январда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде бир добуштан колдоо тапты.

Келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору тууралуу депутаттарга эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев маалымат берди:

“10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. 3 миң жараныбызга жаңы кесип беребиз, аларга жарым жыл бою эмгек акысын төлөп беребиз. Жалпысынан жумуш ордуна 23 миң адам ээ болот”.

Келишимге ылайык, Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 30 миллион доллар насыя алат.

Депутаттар жардам ала турган үй-бүлөлөрдү тандоо ачык жана калыс жүрүшү керек деген пикирин билдирип, чет жактан насыя алууда ошол акчаны жөн гана таратып берип койбостон, кошумча жумуш орундарын ачуу үчүн завод-фабрикаларды жана башка ишканаларды куруу зарылдыгын белгилешти.

Мыйзам долбоору эми парламенттин жалпы жыйынында каралат.

2022-жылдын соңуна карай Кыргызстанда мамлекеттик карыздын көлөмү 5 миллиард 218 миллион долларды түзгөн. Бул сумманын 4 миллиард 191 миллиону тышкы карыз. Анын басымдуу бөлүгү же 1 миллиард 757 миллион доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет. (RK)

XS
SM
MD
LG