Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:28

WSJ: Ирандын аскердик заводуна соккунун артында Израил турат


Исфахандагы аскердик заводдо болгон жарылуу.
Исфахандагы аскердик заводдо болгон жарылуу.

The Wall Street Journal басылмасы АКШ администрациясындагы аты аталбаган булактарына таянып, Ирандагы аскердик заводго кол салуунун артында Израил турат деп ырастады. Тел-Авив окуяга расмий комментарий берген жок.

Иран өкмөтү Исфахан шаарында дрондор чабуулуна кабылган завод бир аз зыян тартканын, эч ким жабыркабаганын билдирди. Бирок Jerusalem Post басылмасы объект Тегеран маалымдагандан алда канча көп зыян тартканын жазды.

Азырынча чабуулга эч ким жоопкерчилик ала элек. Буга чейин да бул өлкө Ирандагы өзөктүк программасын бутага алган соккуларды жасаганы айтылган, бирок расмий моюнга алган эмес.

29-январга караган түнү Ирандын аскердик стратегиялык обьектилерине дрондор менен чабуул жасалган.

XS
SM
MD
LG