Пакистанда кырсыкка кабылган тогуз баланын дайыны чыкпай жатат

Кырсык болгон жерден тартылган сүрөт.

Пакистанда Танда көлүндө оодарылып кеткен кайыктагы тогуз баланын дайыны чыкпай жатат. Бийлик бери дегенде 12 жеткинчектин өмүрү кыйылганын маалымдады. Куткарылган беш баланын абалы оор.

29-январда Хайбер-Пахтунхва аймагындагы Танда көлүндө балдар сүзүп жүргөн кайык оодарылып кеткен.

Полициянын маалыматына караганда, Мирбаз Хел диний мектебинде окуган 10-13 жаштагы окуучулар эс алып жүрүшкөндө кырсыкка кабылышкан.

Издөө иштери уланууда.

Дагы караңыз

Өзбекстан Азербайжандын Ирандагы элчилигине кол салууну айыптадыWSJ: Ирандын аскердик заводуна соккунун артында Израил туратИрандын аскердик заводуна чабуул жасалды