Илимдер академиясынын каржы маселеси көтөрүлдү

ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги менен.

Кыргызстанда илим тармагын каржылоо жылдан жылга азайып жатканын 30-январда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен жолугушууда Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары айтышканын парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

"“Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүн айтпаганда да коңшу мамлекеттерде илимий изилдөө ишине өзгөчө көңүл бурулат. Бирок бизде жылдан жылга каржылык колдоо жетишсиз болуп, ал тургай маянабыз башка тармакта эмгектенгендерге салыштырмалуу өтө төмөн”, - деген окумуштуулар академияны Билим берүү жана илим министрлигинин карамагынан чыгарып, өз алдынча иш алып барган мекеме катары кайрадан түзүү керектигин белгилешти" деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.

Академиянын президенти Канатбек Абдрахматов мекеменин ишин алдыга жылдырууга тоскоолдук жараткан жагдайларды сөз кылып, каржы маселеси өтө курч экенин кошумчалады.

Төрага Нурланбек Шакиев илимпоздордун ордосу катары даражасы бийик экенине карабай Илимдер академиясынын абалы өтө начар экенин белгилеп: "Бул мамлекетибиз аталган тармакка көп көңүл бурбай жатканынын анык мисалы", - деди. Ал калыптанып калган системаны реформалап, жаңы багытта өзгөртүүгө убакыт келгенин айтты.

Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген.

Абдрахматов академияга жетекчи болуп былтыр жыл соңунда шайланган. (RK)

Дагы караңыз

Эки жашар кызын сабап жатканы видеого тартылган келинге иш козголдуСалык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталдыИИМ Жалал-Абадда кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди Аймактарда үй курууга жер бөлүп берүү маселеси көтөрүлдү