Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:03

ИИМ Жалал-Абадда кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди


Кармалган шектүүлөр жана алардан табылды делген куралдар. ИИМ тараткан сүрөт.
Кармалган шектүүлөр жана алардан табылды делген куралдар. ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жалал-Абад облусунда карактоо менен алектенген кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, алар 28-январда кармалган. Шектүүлөрдүн биринин Жалал-Абад шаарындагы үйүн тинткенде эки бычак, колго жасалган бир тапанчага окшош курал, “Макаров” үлгүсүндөгү эки тапанча, төрт ок табылган.

Экинчи шектүүнүн автоунаасынан бычак чыккан. Алар Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Экөө тең мурда соттолуп чыкканы аныкталды.

Ала-Бука районунун тургуну шектүүлөр анын колуна бычак сайып, тапанча менен коркутуп 50 миң сомун тартып алганын айтып арызданган. Мунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

Жалал-Абад шаарынын дагы бир тургуну жогоруда сөз болгон эки адам анын 250 миң сомун бербей жүргөнүн, дагы 200 долларын алып бербей жатканын билдирген. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен иш ачылган.

27-январда Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында ок атышуудан эки киши жаракат алып, ооруканага түшкөн. Бул иш “Каракчылык” беренеси менен тергелип жатат. (BTo)

XS
SM
MD
LG