Чүйдүн Москва райондук сотунда төкмө акын Болот Назаровдун ишин кароо уланууда. Отурумда адвокаттын жарашуу келишимин ишке тиркөө өтүнүчү канааттандырылды. Ал документте жабырлануучу тарап Болот Назаровго эч кандай доосу жок экенин жазылган.
Жарыш сөздө адвокат Автандил Бакыт тергөөдө Болот Назаровдун күнөөсү далилденбегенин негиз кылып, аны актоону, же болбосо айыпталуучунун тосмо арызынын негизинде ишти кыскартууну өтүндү.
Жабырлануучу катары өтүп жаткан 15 жаштагы өспүрүм жана анын атасы Болот Назаровго эч кандай доосу жок экенин дагы бир жолу айтты.
"Учурда сот кеңешүүгө чыгып кетти",-деп кабарлады "Азаттык" кабарчысы.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Назаровду былтыр 9-ноябрда “Беловодское айылынын тургунунун айгырын күч менен тартып алган” деген шек менен кармаган. Ал ошондон бери Бишкектеги тергөө абагында (СИЗО-1) камакта жатат.
Төкмө акын өзү 7-ноябрда Беловодское айылында ат оюндары менен коштолгон чоң той болгонун, ага айылдын жашоочусу ат мингизгенин айтып, жылкыны кайра кайтарып бергенин билдирген.
Кылмыш-жаза кодексинин “Тоноо” беренеси менен шек саналып жаткан Назаровдун иши боюнча алгачкы соттук жараянда жабыркаган тарап көрсөтмө бергенде доосу жок экенин айткан жана ишти кыскартууну суранган.
"Ютуб" каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап жүргөн Назаровго бир жыл мурда да иш козголгон. Ал боюнча тергөө аяктай элек. Былтыр 23-январда милиция аны иликтөөчү журналист Болот Темиров менен кошо кармап, кийин үй камагына чыгарган.
Ошол эле күнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.
Анын алдында Болот Темировдун “Ютубдагы” Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Ташиевдин аты аталган.
Назаровго жана Темировго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон. Темировго башка да беренелердин негизинде айып тагылган. Анын иши өзүнчө каралды. Жогорудагы берене боюнча Темиров соттон акталып чыккан. (TSh/AiB)
Дагы караңыз
Тажикстан: Рашт районунун башчысы жемкорлукка шектелип кармалдыКемпир-Абад иши: Камактагы активистти колдоп чыккан жубайы да жазага тартылдыУкраинада бир нече аткаминер отставкага кеттиКыргызстанда ажылык зыяратка бара тургандарды каттоо башталды Эрдоган: Түркия Швециянын НАТОго мүчө болушун колдобойт Калифорниядагы кол салууда жети адам каза болду